Все новости

Адахан Мадумаров Бабановко кеңешин айтты

Бүгүн, 22-апрелде саясатчы Адахан Мадумаров маалымат жыйын өткөрдү.
Анда журналисттер Өмүрбек Бабановдун келем деп, келбей калганы боюнча суроо беришти

«Бабановдун келишине күмөнүм бар эле. Саясатты жыйыштырып коюп, инсан катары айтайын: “Мен акмын” деп жатасыңбы, анда кел жана актыгыңды далилде. “Мен акмын” десең, анда «өлкөдө сот системинин адилеттүүлүктү тактап бергенге күчү жетпейт, коррупцияга белчесинен баткан бийлик мыйзамдын негизинде иштебейт” деп жарыяла. Ал эми “мен ишеним артам, үмүт кылам; барсам баары мыйзам чегинде каралышы мүмкүн” деген саясий сооданы токтотушубуз керек. Биз бардыгын ачык айтышыбыз шарт», — деп кеңеш берди Мадумаров.