Без рубрики

Авария болгон автобуста 28 адам каза болду

Португалия өлкөсүнүн Мадейра шаарына барган туристтер кырсыкка кабылып, 28 жүргүнчү мүрт кеткен. Адам өмүрүн алган кырсык тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, авария болгон автобуста 55 турист болгон. Каза болгон туристтердин 11и эркек, 17си аял экени айтылууда. Каза болгон 28 жүргүнчүдөн сырткары 22 адам түрдүү жаракаттар менен ооруканага жеткирилген

Мадейра шаарынын мэрия жетекилигинин маалыматына караганда тоолуу аймакта кетип бара жаткан автобусту башкарып бара жаткан айдоочу бурулушка келгенде кырсыкка учураган. Кырсыктын себеби катары унаанын тормозу иштебей калган деген божомол айтылууда.

Шаар мэри Филипе Соузанын айтымында туристтердин копчүлүгү Германиядан келишкен.

Автокырсык 17-апрель күнү Мадейра убактысы боюнча 18:30 да болгон.