Без рубрики

Балдардын туулгандыгы туурасындагы күбөлүк эки күндөн кийин бериле баштайт

Балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү эки күндөн кийин кайра бериле баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

«Мамлекеттик каттоо кызматынын жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча берилүүчү документтердин бланктарын “Гознак” жоопкерчилиги чектелген коому камсыздайт. Бүгүнкү күнү басмакана тараптан камсыздоо кармалып жатат. Аталган ишканадан бизге бланктар эки күн аралыгында жеткирилет деп маалымдашты, эки күндөн кийин жалпы республика боюнча жаңыланып, бардык бөлүмдөргө жеткирилет»- деп билдирет мамлекеттик каттоо кызматы.

Соцтармактардын айрым колдонуучулары Мамлекеттик каттоо кызматы балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн бланкы жок деген негиз менен аны бербей жатканын жазып чыгышкан.

«Гознак» ишканасы 2017-жылкы тендердин жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик каттоо кызматына туулгандыгы тууралуу жана нике тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарын даярдап бере турган болгон.

Тендердин жүргүзүлүшү боюнча өткөн жылы Башкы прокуратура мыйзам бузуу фактысы менен кылмыш ишин козгогон. Анда учурда абакта отурган экс-премьер-министр Сапар Исаков «Гознактын» кызыкчылыгы үчүн сүрөгөн деп шектелгени кабарланган.

“Гознак” жоопкерчилиги чектелген коому — мурдагы “Континент принт” деп аталган ишкананын алкагында түзүлгөн мекеме.