Все новости

Күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө Баткен облусунда катталды

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 8-апрель күнү саат 02:26да Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Баткен районунун Рават айылында 3 баллга, Ак-Татыр, Үч-Дөбө айылдарында жана Лейлек районунун Лейлек айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок деп жазылат маалыматта.