Все новости

Камчыбек Ташиев : “Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келиш керек”

Өмүрбек Бабановтун Кыргызстанга келишине шарт түзүп берүү керектиги туурасында бүгүн Камчыбек Ташиев маалымат жыйында айтты

“Бабанов менен Ташиев биригип алып революция даярдап жатышат деген жалган сөздөр тарап жатат. Мен бийликке оппозиционер эмесмин. Сооронбай Жээнбековдун президент болушуна өз салымымды кошкомун. Президенттин ийгиликтүү иштешин каалайм” – деди Какмчыбек Ташиев өзү чогулткан басма сөз жыйын учурунда.

Андан ары саясатчы парламенттик шайлоодо Бабанов экөө бир болгонун, жакында аны менен жолугуп саясатты талкуулаганын кошумчалады.

“Мен бекинип жолугуп саясат кылган адамдардан эмесмин. Бабанов менен ачык сүйлөштүк. Өмүрбек Бабановтун Кыргызстанга кайтып келүүгө укугу бар.

Президенттик шайлоо учурунда эмнелер гана айтылбады. Ал өлкөдөгү оор абалды көрүп, элдин тынчтыгын жогору койгон адам. Бир жарым жыл саясатка аралашкан жок. Биз баарыбыз Бабановтун мекенине катйып келүүсүнө шарт түзүп беришибиз керек. Эл деген саясатчыларды өлкөдөн кетире берсек анда мамлекетте ким калат?” – деди Камчыбек Ташиев.