Все новости

Мамлекеттик тил боюнча олимпиада болуп өттү

КУУнун башкы имаратында мамлекеттик тил боюнча олимпиада болуп өттү

Жыйырма факультеттин студенттери катышкан бул таймаш дилбаян жазуу, долбоорду коргоо жана көркөм окуу боюнча жүрдү.
Натыйжада, башкаруу жана бизнес, педагогика, тарых жана чөлкөм таануу факультетинин студенттери жеңишке жетишти.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети 2019-жылдын 19-апрелинде Бишкек шаарындагы  жогорку окуу жайлары арасында мамлекеттик тил боюнча студенттик олимпиада ѳткѳрѳт.  «Олимпиада Кыргыз тилинин мамлекеттик тил статусуна ээ болгондугунун 30 жылдыгына арналып өткөрүлмөкчү» — деди филология илимдеринин доктору, профессор Садык Алахан.
Олимпиадага Бишкек шаарынын ЖОЖдорунда окуган 1-курстун бардык факультеттеринин (кыргыз  тили жана адабияты адистигинде окуган студенттерден башкалары) студенттери катыша алышат.

Олимпиаданын катышуучулары сунуш кылынган темада дил баян жазышат, алдын ала берилген тема боюнча долбоорду коргойт.