Без рубрики

Прокурордун өлүмү. Экспертизанын жыйынтыгы чыкты

Киши колдуу болуп өлгөн прокурордун денесинде бензиндин изи табылган эмес.

Бул туурасында айыпталуучу Мелис Калыковдун эжеси Дарыйка Калыкова билдирди.
Анын айтымында экспертизанын жыйынтыгы менен өлтүрүлгөн прокурордун денесинде күйүүчү заттын изи табылган жок жана ошол окуянын катышуучуларынын баары мас эмес соо болушкан.

«Тергөө иштери мыйзам бузуулар менен жүрдү. Өлгөн прокурордун денесинен экспертиза бензиндин изин тапкан жок. Анын үстүнө ошол күнү мергенчиликке чыгып эс алган адамдардын баары арак ичпей эле соо болгон деп атышат.Бир эле өлтүрүлгөн прокурор Анарбай Мамажакыповту мас болгон деп жазышыптыр. Андай эмес. Чындыгында ошол окуянын бардык күбөлөрү мас болушкан.Жалгыз эле прокурордун орун басары Эмилбек Ажибеков ичкен эмес.Анткени ал намаз окуйт, алкогол ичимдиктерин ичпейт. Биз комплекстүү экспертиза жүргузүлүшүн талап кылып өтүнүч келтирдик, бирок тергөөчү ал талабыбызга көңүл да бурган жок» — деди Дарыйка Калыкова.

Ошондой эле ал, иниси Мелис Калыков күнөөсүн мойнуна алган эместигин айтты.
«Мелистин жактоочусу бар болсо да тергөөчү тергөө абагына мамлекеттик жактоочу алып келип инимден сурак алган. Бирок, иним сурак берүүдөн баш тарткан. Аны тергөөчү видеого тартып алып кылмыш ишинин материалдарына тиркеп коюптур. Ал аз келгенсип айыбын угузуу корутундусуна зордоп кол койдуруп алган. Иним мага ошол күнкү окуяга катышкандар менен беттештирүү болбогонун айтты» — деп кошумчалады Дарыйка Калыкова.

Эске салсак, Баткен областынын прокурору Анарбай Мамажакыпов 2018-жылдын 18-ноябрында киши колдуу болуп каза болгон. Прокурордун өрттөлгөн сөөгү Баткендеги Торт-Кул суу сактагычынын жанынан табылган. Кылмышка шектүу катары Баткен областтык капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкери Мелис Калыков кармалып, 2 айга тергөө абагына киргизилген.