Без рубрики

Жаңы Жол кайгуул кызматы пилоттук негизде иштеп баштады

Бишкек шаарында Кайгуул милиция кызматын түзүү боюнча пилоттук долбоор ишке аша баштады. Бул тууралуу Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Басма сөз кызматы берген маалыматта жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жана Кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлеринин арасындагы коррупциялык көрүнүштөрдүн санын азайтуу маанилүү максаттардан болуп саналат деп жазылган. Түзүмдү кайрадан түзүүнүн негизги максаты — жарандардын ишенимин арттырган, ишенимдүү коргоочу жана өнөктөш катары көрө турган милицияны түзүү экендиги да кошумчаланган.

Долбоордун алкагында, башкармалыкка талапкерлерди кабыл алуу үчүн сынак жарыяланды. Ага ылайык жаңы түзүлгөн кызматка 900 гө жакын кызматкерлер талып кылынып, ишке алынышы керек.
Бишкек шаарында Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгын түзүү боюнча буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылдын башында кол койгон.
Буга чейин Ички иштер министрлигинин жол тескөөчү кызматы Кайгуул милициясы деп аталып, кийин кайра Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы деп өзгөртүлгөн эле.