Все новости

Зилалиевдин байлыгы 158 млн.сом экендиги белгилүү болду

Азыркы учурда соттошуп жургон Дүйшөнбек Зилалиевдин байлыгы 158 миллион сом экендиги белгилүү болду. 

Расмий билдирүүгө караганда 2011-2016-жылдары анын бардык каражаты 2,7 млн сом, аялыныкы 525 миң сом болгон. Баарын эсептегенде байлыгы 158 млн. сом болуп чыкты. Муну УКМКнын басма сөз кызматы ырастады. 

Белгилүү болгондой, ал кызматта турганда кен казууга лицензияларды тараткан. 

Кызыл-Омполдогу уранга да Зилалиев лицензия бергени ачыкталды.